Биз менен байланышыңыз

«Мекен» тасмасы эмне себептен сатыкка чыгарылбаганы айтылды

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 653 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти “Мекен” тасмасы эмне себептен сатыкка чыгарылбаганын түшүндүрдү.

Мекеменин маалыматына караганда, тасмалардын мазмунун караган комиссия “Мекен” тасмасы чыгардын алдында эле түзүлгөн эмес, ал өкмөттүн 2016-жылдагы токтому менен түзүлгөн.

“2016-жылдан бери комиссия бир нече кинотасмаларды карап чыккан. Анын милдеттери зордук-зомбулук, порнография, террористтик, экстремисттик мазмундагы көрүнүштөрдүн, ошондой эле фильмдерде улуттар аралык кастыкты козуткан көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат. “Мекен” тасмасын текшерүү үчүн гана комиссия түзүлдү деген маалыматтар чындыкка дал келбейт”, -деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, тасмада бийликти күч менен басып алууга, мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүгө үндөгөн учурлар болсо, аны прокатка чыгарууга уруксат берилбейт. Ошондой эле социалдык, расалык, улуттар аралык, этникалык же диний кастыкты козутууга багытталган сахналарга да тыюу салынган.

Департаменттин пикиринде, “Мекен” тасмасында жогоруда айтылган жагдайлар бар болгон үчүн аны бир канча жолу өзгөртүү сунушталган.

Мындан тышкары, 17-марттан тарта Кыргызстандагы кинотеатрлар карантинге байланыштуу жабылгандыктан, мекемелер аралык комиссия “Мекен” тасмасын июнь айында гана кароого мүмкүнчүлүгү болгон. Айтылган сунуш-пикирлерден кийин тасманын оңдолгон вариантын талкуулашкан. Бирок департаменттин берген эскертүүлөрү эске алынган эмес.

«Мекен» көркөм фильминин авторлору коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселе көтөрүштү, ошондой эле жаш режиссерлор кинотасма аркылуу заманбап коомдун жашоосун жакшыртууга өз салымын кошууга аракет кылып жатышат. Биз бул идеяны колдойбуз, биздин өлкөдө чыгармачылык эркиндик урматталат жана эч кандай цензура жок. Бирок “Мекен” тасмасынын авторлорунун агрессивдүү жарнамалык кампаниясы биздин улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө дал келбейт”, -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тасманы кинотеатрларга прокатка чыгарууга күбөлүк алуу үчүн бүгүнкү күнгө чейин арыз беришкен эмес деп айтылды.

«Мекен» тасмасынын режиссёру Медербек Жалилов аны прокатка чыгарууга уруксат берилбей жатканын айткан. Бир топ мекеме өкүлдөрүнөн турган комиссия тасманын мазмунун өзгөртүүнү талап кылышкан. Ошол себептен тасма Ютубка чыгарылды. Аны 31-июлдан бери 500 миңден ашык адам көрдү.

Тасмада табият койнунда үй-бүлөсү менен бейкут өмүр сүрүп жаткан Бектемирдин тынч жашоосун жогору жактагы тоолорду жардырып, кен каза баштаган ишкана бузат. Окуянын башында бул жагдайга кайдыгер караган Бектемир кийинчерээк кендин залакасы анын жеке үй-бүлөсүнө, мал-жандыгына тийгенде гана жоопкерчиликсиз иштеп жаткан ишканага каршы күрөшүн баштайт. Бектемирдин күрөшү — бара-бара жалпы элдин бүткүл коррупциялашкан системага каршы күрөшүнө айланат.

Тасманын продюсери — Бектемир Мамаюсупов. Режиссёру — Медербек Жалилов.

Относительно проката кинофильма «Мекен». Департамент кинематографии при МКИТ КР под интригующими многочисленных …

Опубликовано Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики Понедельник, 3 августа 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM