Биз менен байланышыңыз

Кытайдан Бишкекке 78 кычкылтек концентратору жеткирилди

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 300 | 0

Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытайдан Бишкек шаарына ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Кытай 1500 кычкылтек концентраторун жиберген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM