Биз менен байланышыңыз

1-августтан тарта кадрларды тандоонун жаңы сынактык тутуму киргизилет

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 372 | 0

2020-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоонун жаңы сынактык тутуму киргизилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаевдин онлайн кеңешмесинде айтылган.

Бакытбек Сагынбаевдин айтымында, талапкерлерди тандоо тутумунун принциптери өзгөрдү — мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жогорку упай алган бир гана талапкер жөнөтүлөт.

Ошондой эле адамдык фактор болбошу үчүн сынактык тандоо санариптештирилди. Арыз берүүдөн баштап, бардык этаптар автоматташтырылган.

Мындан сырткары, сынактык тандоонун этаптарында да өзгөрүүлөр болгон. Талапкердин маанилүү кесипкөй сапаттары менен жөндөмдөрүн аныктоо үчүн тестирлөөнүн кошумча баскычтары киргизилген. Кызматтык бош орундарга орто эсеп менен бир орунга 4-5 талапкер, айрым учуларда 20га чейин талапкер болуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM