Биз менен байланышыңыз

«Төө ашуу» ашуусунда акы төлөнүүчү туннель курулат

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 795 | 0

Бишкек-Ош жолундагы «Төө ашуу» ашуусунда акы төлөнүүчү туннель курулат. Аны курууга инвестиция тартуу маселеси биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун катышуусунда талкууланды.

«Бишкек-Ош жолу республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам болуп саналат. Бул жолдун стратегиялык мааниси чоң. Ошондуктан оор жүк ташуу, коопсуздук, аба ырайынын катаал шартында каттамдын бузулушун алдын ала турган  альтернативдүү туннель куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду кароо жана талкуулоо чечими кабыл алынды», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Долбоор ишке ашса, эл аралык стандарттардын негизинде, коопсуз шартта жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болору айтылды.

«Пандемиядан кийинки кризисти эске алып, бул долбоорду ишке ашыруу экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет. Ошондой эле ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот. Бул жааттагы долбоорлорду жүзөгө ашырууда тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорго сунуш кылабыз. Инвестициялык келишимди түзүүдө өлкө жергиликтүү жана республикалык бюджеттеги кирешелердин үлүшүн аныктоо менен максималдуу пайда табуусун эске алуу керек», — деп белгиледи Алмазбек Баатырбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM