Биз менен байланышыңыз

«Ас-Салам» фонду өлкөгө 560 дем алдыруучу аппарат алып келди

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 818 | 0

Нурмухамед Миңбаев жетектеген «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстанга 560 дем алдыруучу  (кислород концентратор) аппараттарын алып келди. Дем алдыруучу аппараттар толугу менен Өкмөткө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. Эми аталган аппараттар облус, аймактардагы оорууканаларга жеткирилет.

Бул иш президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен ишке ашты. «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фонду КРдин Кувейт мамлекетиндеги Элчилигине ар тараптан көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз,»-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, «Ас-салам» фонду Кыргызстанда кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген белгилүү фонд болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM