Биз менен байланышыңыз

Экономика министри коронавируска каршы көрүлгөн чаралар тууралуу айтты

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 349 | 0

Өкмөт Кыргызстандын аймагынан дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгарууга убактылуу тыюу салган. COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча төмөнкү чаралар бекитилген:

-2019-жылдын жыйынтыгында жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан Бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөттөрүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу;

-салык карызынын суммасы боюнча мөөнөтүн 1-апрелден 1-октябрга чейин жылдыруу жана бөлүп төлөө;

-2021-жылдын 1-январына чейин салык текшерүүлөрүн жүргүзүүгө тыюу салуу;

-2021-жылдын 1-январына чейин ишканалардын банкроттук процедураларын жүргүзүүсүн убактылуу чектөө ;

-Ишкердик субьекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча 14,0 млрд сом өлчөмүндө кризиске каршы фонд түзүлдү.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу жана жок кылуу үчүн импорттолуучу товарларды ташып кирүүнү бажы алымдарынан бошотуу чечимин кабыл алган: ал жеке коргоочу каражаттарына, дезинфекция каражаттарына, диагностикалык реагенттерге, медициналык жабдуулардын жана материалдардын айрым түрлөрүнө жайылтылат.

ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыктарга жол бербөө максатында, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен ЕАЭБ аймагынан азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга тыюу салынган.

2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактурасынын маалыматтык системасы ишке киргизилди.

2020-жылдын 1-июлунан тартып май куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча милдеттенмелер киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM