Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
Муфтият Курман айт майрамын үй-бүлөлөр менен үйлөрдө майрамдап, бири-бириникине айттап барбоого чакырат.
«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбай турганын маалымдайбыз. Ошондуктан шартты туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштайбыз», — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет.