Биз менен байланышыңыз

Ыктыярчылар: Матраимовдор илген баннерге тиешебиз жок

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 2730 | 0

«Исмаил Матраимов» атындагы фонд тарабынан илинген баннерге сүрөтү чыккан ыктыярчылар билдирүү таратты.

Алардын бири Данияр Бапыевдин айтымында, сүрөттөгү ыктыярчылар алгач Медициналык академия уюштурган «кызыл зонада» иштөөгө барышып, кийин аларды «Риксон» убактылуу стационарда иштөөгө жөнөтүшкөн.

«Сменден кийин сүрөткө түшкөнбүз. Биздин сүрөтүбүздү баннер катары илип, ыраазычылык билдирүү, ушундай кыйын кырдаалда элди колдоо максаты болчу. Биз «Исмаил Матраимов» атындагы фондго да, баннердеги лозунгга да, «Биз барбыз» ыктыярчылар тобуна да тиешебиз жок. Бул баннер биздин уруксатыбыз жок чыгарылыптыр«, — деп айтылат билдирүүдө.

Данияр Бапыевдин айтымында, баннерге  сүрөтү чыккан ар бир ыктыярчы суткада 6-12 сааттап иштеп жүрүштү. Алардын жардамы менен 100дөн ашык бейтап айыгып кетти.

Айта кетсек, Бишкекте Матраимовдордун фонду илген баннер пайда болду. Анын слоганы плагиат экени айтылып, талкуу жараткан.

Баннерде дарыгерлердин сүрөтүнүн астында «Биз барбыз» деген лозунг жазылган. Мындай аталыштагы ыктыярчылар кыймылын Урмат Насыкулов аттуу жарандык активист жетектейт.

Мы врачи — добровольцы, которые одними из первых вызвались работать в красную зону от КГМА, куда нас направили как…

Опубликовано Данияром Бапыевым Понедельник, 27 июля 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM