Connect with us

Ош облусунда 6 айга жетүүчү дары-дармектин кору бар

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 421 | 0

Ош облусунда 6 айга жетүүчү дары-дармектин жана 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын кору бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповдун берген маалыматы боюнча, учурда Ош облусунда жалпысынан 6 айга жетүүчү дары-дармектин жана 3 айга жете турган коргонуу каражаттарынын кору бар.

Кара-Суу районунда 29 жерде 1087 орундуу күндүзгү стационарлар жана 5 жерде 173 орундуу изолятордук дарылоо мекемелери иш алып барышууда.

Ушул жылдын 20-июлуна карата Ош облусунда 5700 керебеттүү 300гө жакын күндүзгү стационар ачылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM