Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Абитуриенттер медицина жана юриспруденция факультетине көп тапшырууда

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 493 | 0

Өзбекстанда быйыл эң көп талап кылынган багыттар медицина жана юриспруденция болуп саналат. Муну Өзбекстандын Мамлекеттик тест борбору жарыялаган маалыматтар тастыктап турат.

Тактап айтканда, Андижан медициналык институтунда бир орунга 27,81, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинде 24,35, Ташкент медициналык академиясында 24,2, Ташкент медициналык академиясынын Фергана филиалында 22,58 жана Навои мамлекеттик тоо-кен институтунда 19,5 кайрылуу катталган.

Буга чейин 20-июлда Өзбекстанда 2020-2021-жылкы окуу жылына карата жогорку окуу жайларында бакалавр даражасына талапкерлерди онлайн режиминде каттоо расмий түрдө аяктагандыгы кабарланган.

Катталган талапкерлердин жалпы саны 1,484,085.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM