Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы: Икрамжан Илмияновго мунапыс берилген

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 3525 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов эмне себептен жатак абакка которулганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшүндүрдү. Билдирүү мекеменин сайтына жарыяланды.

Ушул жылдын 19-июнунда Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүп, Илмияновдун жазасын беш жыл алты айга чейин кыскарткан. Ал буга чейин «алдамчылык» боюнча 7 жылга кесилген эле.

Илмиянов ошондой эле 10 млн 397 миң 235 сом өлчөмүндө салынган айып пулду жабырлануучу Н.В Грамовичке кайтарып берген.

«Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамга ылайык, Илмияновдун жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскарып, 8 ай, 20 күнү калган.


«VI чакырылыштагы депутаттардын тизмесин Атамбаев менен Илмиянов түзгөн»


Илмияновдун түрмөдө жазасын өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 20-октябрында башталган. СИЗОдогу соттун чечими чыкканга чейинки жаза мөөнөтү 1 жыл 7 ай, 19 күн болчу, анын бир күнү эки күн катары эсептелди. Ошондо Илмияновдун жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 1-декабрында аяктайт.

«Жаза-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык, оор кылмыш кылгандар жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп бүткөн соң жалпы режимдеги түзөтүү колониясынан жатак абагына которулат. Илмияновду 27-апрелден кийин жатак-абакка которууга уруксат берилген«, — деп айтылат маалыматта.

21-июлда Икрамжан Илмиянов Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин атайын комиссиясынын чечими менен Модовановкадагы №26 жатак абакка которулган.

Икрамжан Илмиянов Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, жети жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш кодексинин «өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча кесилген. Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын айтып келген.

Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодо демөөрчүлүк жардам катары «Дизель комплект» ишканасынан 150 миң доллар алган деп айыпталган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана унааны камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн.

Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган. Аны жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызды 2018-жылдын сентябрь айында «Дизель комплект 2 компаниясынын башкаруучусу Асель Чымырбаева жазган.


Момбеков: Икрамдан баары коркуп турчу…


Copyright © 2017 Maral FM