Connect with us

Баатырбеков: Айыл чарба министрлиги фермерлерди үрөн менен камсыз кылган эмес

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 397 | 0

22-июлда биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба иштери маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Анда айтылгандай, пандемияга карабай өлкөдө айыл чарба иштери өз учурунда жана толук көлөмдө жүргүзүлгөн.

Өкмөттүн маалыматына караганда, «Айыл чарбаны колдоого алуу — 8» программасынын алкагында насыя берүү шарттары жеңилдетилген.

Бүгүнкү күнгө карата 8106 фермер 4 млрд 65 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алган. Быйыл январь-июнь айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмү 64 млрд 646 млн сомго барабар болгон.

Ошол эле учурда тармактык мамлекеттик органдар тарабынан иш жетишсиз жүргүзүлүүдө. Жөнөкөй мисал келтирсек, жакшы түшүм алуу үчүн сапаттуу үрөн керектелет. Ал эми Айыл чарба министрлиги алар менен камсыздоо боюнча тийиштүү ишти алып барган эмес. Экинчи маселе, сугат суу менен камсыздоо маселесине тийиштүү», — деди Алмазбек Батырбеков.

Ал күз мезгилинде түшүм жыйноону өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM