Биз менен байланышыңыз

Эң байыркы университет кайсы? Жогорку билим берүүнүн тарыхы…

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 2199 | 0

Адамдын өнүгүүсүндө университеттердин ролу баа жеткис. Ал эми эң байыркы университеттер качан жана кайсы жерде ачыла баштаган? Төмөндө бул тууралуу сөз кылабыз.

Университеттер Европада биринчи жолу XI кылымда ачыла баштаган. Бирок биринчи университеттин мекени Европа эмес. 970-жылы Египеттин Каир шаарында ачылган Аль-Азхар университети — тарыхтагы алгачкы жогорку окуу жай катары таанылган.

Европалык университеттер чиркөөлүк мектептерден бөлүнүп чыккан жана алардын өнүгүүсү узак убакытка созулган, ошондуктан алардын алгачкы өнүгүү мезгилин так аныктоо мүмкүн эмес.

Көпчүлүк Италиядагы Болонья Университетин Европанын биринчи университети катары билишет. Бул билим берүү мекемеси X кылымдын аягында ачылган, бирок буга чейин 890 жыл бою укук мектеби болгон.

Университеттер — профессорлор үчүн идеалдуу жай

XI кылымда Париж университети гүлдөп, атакка ээ болгон. Ал Европадагы эң эски университеттердин бири катары орто кылымдарда абдан популярдуу болгон. Бул мектеп укук, теология, медицина жана философия илиминин өнүгүшү менен профессорлорду жана студенттерди кызыктыра алган.

Кийинчерээк Европада XII-XIII кылымдарда ар кандай университеттер ачыла баштаган.

Алгачкы университеттер, бөлүнүп чыккан мектептер профессорлордун пикир алмашкан институттары болгон. Мындай жерлерде идеология, медицина жана укук методдору иштелип чыккан. Сабактар ​​латын тилинде өткөрүлчү.

Британиядагы Оксфорд жана Кембридж университеттери орто кылымдарда пайда болгон. Англиянын эң атактуу эки университети тандемде Оксбридж деп да аталат.

Колледждердин билим берүү комплекси катары өнүгүшү

Колледждер кийинчерээк пайда болду. Биринчи таанылган колледж Оксфорддогу Мертон колледжи, ал 1249-жылы студенттик резиденция катары негизделген.

Мертон колледжинин студенттер үчүн шарты өтө катаал болгон. Алсак, студенттерге оюн ойноого, ырдоого, атүгүл, балык уулоого тыюу салынган. Кийинчерээк колледждер билим берүү комплекси катары өнүккөн.

Жаңы дүйнөдөгү биринчи университет

АКШдагы эң тарыхый университет — Гарвард университети 1636-жылы Нью-Йоркто негизделген. Буга чейин университет колледж катары иштесе, сабактар ​​1638-жылы колледждин бакчасында жана чакан бөлмөлөрүндө өткөрүлө баштаган.

Кийинчерээк Гарвардга жарым жылдык байлыгын жана китептерин колледжге өткөрүп берген Джон Гарварддын ысымы ыйгарылып, билим берүү мекемесине университет макамы берилген. Бул окуу жайы дагы эле АКШдагы эң популярдуу окуу жайлардын бири болуп саналып келет.

Учурда АКШда 3300дөн ашуун жогорку окуу жай бар, аларда 12 миллиондон ашуун студент билим алат.

АКШда жыл сайын орто мектепти орто эсеп менен 3 миллион окуучу бүтүрөт, алардын 1 миллионго жакыны жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Сынак негизиндеги биринчи гранттар

1836-жылы Лондон университети сынактардын жана ар кандай гранттардын программасын жарыялаган. Бул программаларга катышуу үчүн Британия империясынын ар кайсы жерлеринде жайгашкан каалаган окуу жайдын студенттери кайрыла алышкан.

Ошол эле анализде 1900-жылдарга чейин Лондон университети гранттар жана сынактарды уюштурган ЖОЖ катары гана иштеп келген. Бирок 1900-жылы парламент Лондон университетине лекция залдарын, музей, лаборатория, билим берүү жана изилдөө иштери үчүн практикалык сабактарды ачууга уруксат берет.

Билим берүү чөйрөсүндө көз караштардын бөлүнүшү

Орто кылымдарда студенттер негизинен медицина, укук жана идеология багытында билим алышкан. Европада жаштар университеттик билимге кирерден мурун «тривиум» тобундагы грамматика, риторика, логика жана «квадриум» тобундагы арифметика, геометрия, музыка, астрономия сабактарын өтүшү керек болчу.

«Гуманизм», «агартуу», «реформа» жана «революция» деген терминдер орто кылымдагы университеттерде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында келип чыккан.

XVIII кылымдан баштап университеттер өзүлөрүнүн илимий басылмаларын чыгара башташты. XIX кылымдан тарта ЖОЖдор үчүн немис жана француз моделдери иштелип чыккан.

Германиянын Гумбольдт модели Вильгельм фон Хумбольдт тарабынан иштелип чыккан, ал: «Университеттерде студенттер лекцияларга, семинарларга жана лабораториялык сабактарга эркин катышууга тийиш» деп ырастаган.

Француз моделинде университет катуу көзөмөлгө алынып, тартип биринчи орунда турушу керек деген ой негизги орунга чыккан.

XIX кылымга чейин Европанын университеттеринде диний билим берүү артыкчылыктуу багыт болгон, андан кийин так илимге көңүл бурулган.

Ислам өлкөлөрүндөгү жогорку билим

Орто кылымдардан баштап чыгыш өлкөлөрүндө билим берүү өзгөчө жол менен өнүгүп келген. Бул мезгилде медреселер Ислам өлкөлөрүндө жогорку окуу жай катары иштешкен. Алгач медреселер VII-VIII кылымдарда дин аалымдарынын Ислам маселелерин чечмелөө борбору катары пайда болгон. Кийинчерээк бул борборлор кеңейип, медреселер деп аталып калган.

VIII-IX кылымдарда Ислам кеңири жайылган өлкөлөрдө, анын ичинде Орто Азияда медреселер пайда болуп, ал үчүн атайын имараттар курула баштаган. Медреселерди падыша, хандар, эмир, жана султандар, ири жер ээлери жана бай адамдар курушкан. Диний мектепти бүтүргөн балдар медресеге кабыл алынган. Алардын билим алуусу үч баскычта жүргүзүлгөн: башталгыч, орто жана алдыңкы.

Орто кылымдагы студенттердин жашоосу

Алгачкы күндөрдө студенттердин жашоосу азыркыга караганда бир топ башкача болгон.  Алар окууга ар кайсы аймактардан келишкен ар кандай курактагы адамдар эле. Студенттер XII кылымда Оксфордго отурукташып калышканда, чакан мейманканаларда же шаар четиндеги аймактарда жашоону чечишкен, айрымдары чогуу ижарага үй ала башташкан.

Студенттер лекцияларга жана коомдук иш-чараларга катышышчу. Алар ошондой эле кемчиликтерин аныктоо үчүн жумасына жок дегенде бир жолу мугалимдери менен («тарбиячы») сабактарды талкуулар эле. Эрежелерди сактабаган студенттерге сыртка чыгууга тыюу салынган. Айыпка жыгылгандар мөөнөтүнөн мурда окуудан чыгарылган.

Студенттер өмүрүнүн бул мезгилин көбүнчө китепканаларда өткөрүшкөн Ар бир колледждин өз китепканасы болгон. Эң белгилүү китепкана Оксфорд китепканасы болчу.

Мындан тышкары, социалдаштыруу университеттик жашоонун бир бөлүгү эле. Окуу жайда ар кандай клубдар туруктуу иштеп турган.

Бүгүнкү күндө университеттер квалификациялуу адистерди даярдоодо гана эмес, ошондой эле белгилүү бир тармактарды өнүктүрүүдө да маанилүү роль ойнойт. ЖОЖдор эл аралык студенттерди кабыл алуу аркылуу каржылык жеңилдиктер жагынан барган сайын маанилүү болуп баратат. Жеке университеттерге суроо-талап өсүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM