Биз менен байланышыңыз

Чамдаңыз, «кичи Рамазан» башталды

Блог | 21 Июл 2020 | 1856 | 0

Бир мезгилдер Зулхижжа айынын алгачкы он күнү кичи Рамазан сыяктуу болчу экен. Бирок өкүнүчтүүсү бул адат убакыттын өтүүсү менен унутта калган. Келиңиз бир тууган, кайрадан бул адатты жандандырып, кыяматка чейин сооп эшиктерибиз ачык турсун.

Студенттик күндөрдө таанышкан элем. Алгачкы жолу Рамазан айынан башка айда көп убакытка орозо кармаган учурум ушул болгон эле. Мүмкүн, бул учур Курман айтка карата руханий жана дененин тазалануусу болсо керек. Өзгөчө жан-дүйнөм толуп, башкача сезимдер менен курман айт майрамын өткөрдүм. Байкалбай арадан бир топ жыл өтүп кетиптир. Бирок ошондой болсо да, жыл сайын бул мезгилди сагынуу менен күттүм. Бул жылы да өзгөчө даярдык менен күтүүдөмүн. Алгачкы жолу туткандай сезимдерди кайрадан жашагым келет, мүмкүн, бул жыл мага насип болор.

Бул жылы өлкөбүздө жайылган жаман илдет учурунда ыйык Рамазан айы карантин учуруна дал келип, үйлөрүбүз таравих намаздары менен нурланып, бир мечит сыяктуу дуба жана ибадаттын борборуна айланды. Саналуу күндөрдөн кийин Зулхижжанын алгачкы тогуз күнү жана Курман айт майрамы  кайрадан ошол бактылуу күндөрдү жашашыбызга демилге болот деген ойдомун.

Ислам дининде тыюу салынган төрт ай бар. Бул айларда жакшы иш жасаса, башка айларга караганда көбүрөөк сооп берилет, ал эми күнөө иш жасаса, башка убакытка караганда жазасы оор болот. Ошол үчүн «тыюу салынган» деп аталат. Андыктан тыюу салынган айларда күнөө иштерден оолак болуп, колдон келишинче сооп амалдарды аткарып калууга умтулуу керек. Тыюу салынган айлардын бири — Зулхижжа айы.

Бул жуманын шейшембиден шаршембиге өткөн күнү — Зулхижжа айынын алгачкы түнү, ал эми шаршемби күнү болсо алгачкы күнү. Колдон келишинче дубага, намазга, Куранга, орозого көбүрөөк убакыт бөлүп, үй-бүлө мүчөлөрү менен өткөрсөк кандай сонун.

Келиңиз, бүгүндөн тарта даярдана баштайлы, чөйрөбүздөгү досторубузга, биз сүйгөн адамдардын баарына жаялы. Себеби, дуба башка келген балээлерди кайтарат, келе тургандарынын келүүсүнө тоскоол болот.

Бул түндөрдүн пазилетин түшүнүү үчүн Куранда “Фажр” сүрөсүнүн “Он түнгө ант” аяты эле жетиштүү болот. Себеби өтө пазилеттүү жана улуу болгондугу үчүн Аллах Таала бул түндөргө ант берип жатат. Бул он түн Зулхижжа айынын он күнү экендигин окумуштуулардын, Куран тафсирчилеринин көбү айтышкан.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Зулхижжа айында кармалган тогуз күндүк нафил орозону өзү кармаган жана бизге насаат кылган. Азирети Хафса сахаба энебиз мындай деген:

“Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) төрт нерсени эч таштаган эмес. Булар – Ашура күнү орозо кармоо, Зулхижжанын алгачкы тогуз күнү орозо кармоо, ар бир айда үч күн орозо кармоо жана таңкы намаздын сүннөтүн окуу”.

Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) минтип айткан:

«Алла Тааланын назарында (Зулхижжа айынын башындагы) он күндө жасалган амалдардан да барктуусу жок. Андай болсо, ошол күндөрү тасбих, тахмид, тахлил жана такбир айтканды көбөйткүлө!»

Тасбих – “Субханаллах” (Алла бүт кемчиликтерден таза) деп айтуу;

Тахмид – “Алхамдулиллах” (бардык мактоо-алкыш Аллага таандык) деп айтуу;

Тахлил – “Лаа илаха иллаллах” (Алладан башка кудай жок!) деп айтуу;

Такбир – “Аллаху Акбар” (Алла Улук) деп айтуу.

Зулхижжанын тогузунчу күнү Курман айт майрамынын арапа күнү болуп саналат. Өзгөчө бул күнү кармалган орозо Алланын алдында өтө баалуу. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз мындай деген:

“Алла Таала кулдарын тозок отунан эң көп азат кыла турган күн бул – Арапа күнү”.

Башка бир хадисте болсо арапа күнүндө кармалган орозонун мурунку жана алдыдагы бир жылдык күнөөгө кафаарат болорун билдирген”.

Ошондой эле Курман айттын биринчи күнү “курмандык күнү” деп, андан кийинки үч күн “ташрик күндөрү” деп аталат.

Ташрик такбирлеринин окулушу:

“Аллаху акбар, аллаху акбар, лаа илаха иллаллаху валлаху акбар, аллаху акбар, ва лиллахил хамд”.

Мааниси:

“Алла улук, Алла улук, Алладан башка кудай жок, Алла улук, бардык мактоо-даңаза Аллага гана ылайык”.

Бул он күндү кантип өткөрүү керек

1- Бул күндөрдө Аллахтан көп-көп кечирим суроо керек. (истигфар)

Алла Тааланын мээрим-ырайымына, кечиримине жана ыраазычылыгына ээ болуу үчүн тообо келтирүү жана күнөөлөрдөн оолак болуу, керек болсо, киченекей күнөөдөн да алыс болуу зарыл.

Күнөө – бул пенденин Алла Тааладан алысташына, узакташына себепкер болсо, таат-ибадат пенденин Алла Таалага жакындоосуна, сүйүүсүнө өбөлгө болот.

2 — Орозо кармоо. Анткени, ислам дининин алгачкы доорунда жашашкан такыба, улуу имамдарыбыз мына ушул күндөрү дайыма орозо кармоону өздөрүнө адат кылышкан.

3 — Тасбих, тахмид, тахлил, такбир жана Пайгамбарыбызга Алланын ага салам-салаваттары болсун) салават айтууну көбөйтүү.

4 — Бул түндөрдү нафил намаз жана зикир менен өткөрүүгө аракет кылуу.

5 — Курани Карим көп окуу, билбесе үйрөнүү.

6 — Өзүңдүн, жаамы мусулман бир туугандарыңдын эки дүйнө бактысына, жакшылыктарына жетүүсү үчүн көп-көп дуба кылуу.

7 – Арапа күнү 1 000 Ыклас сүрөөсүн окуу.

Кичи Рамазан болгон Зулхижжа айы берекелүү болсун. Башкалар менен бөлүшүп, алардын да сооп табышына себепкер болууну унутпайлы.

Эскертүү: Зулхижжа айыны күнү муфтияттын чечимине байланыштуу өзгөрүүсү мүмкүн.

 

Нуркылыч Нуралиев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM