Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Москвадан 21 медкызматкер келди

Кыска кабар | 19 Июл 2020 | 375 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту бүгүн, 19-июлда «Аэрофлот – Россия авиалиния» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, Орусиядан 425 Кыргызстандын жараны кайтып келди, алардын арасында 33 жаш бала бар.

Кыргызстанга төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Бул каттам менен ошондой эле Кыргызстанга Орусиядагы мекендештердин арасынан 21 адамдан турган практик медкызматкердин тобу коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM