Биз менен байланышыңыз

Түркиядан Бишкекке кыргызстандык дарыгерлер келишти

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 535 | 0

Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

15-июлда Кыргызстанга ординатурадан өтүп жаткан жана медициналык жогорку окуу жайларда, Түркиянын мамлекеттик клиникаларында иштеген 14 медик-ыктыярчыдан турган мекендештердин тобу келди.

Медициналык кызматкерлердин авиабилеттерин алуу жана Кыргызстандагы жашоо шартын уюштурууга кеткен чыгымдардын белгилүү бир бөлүгүн кыргыз ишкерлери өз мойнуна алышкан.

Түркия Кыргызстанга жардам катары медициналык аппараттарды жиберди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM