Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга жардам катары медициналык аппараттарды жиберди

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 1082 | 1

Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинен билдиришти.

6-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн негизинде жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында, 7-июлда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам катары өпкөнү жасалма дем алдыруу 20 аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 миң ПЦР-тест комплектиси, 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому, 50 миң N95 коргоочу беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң коргоочу беткап – козыректор жана 10 миң гидроксихлорохин дарысынын таңгагы келди.

2020-жылдын 11-12-февралында Туркиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын тапшырган. Алар: 200 таңгак тест-система, 5 миң бир жолу колдонуучу беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоочу фильтри менен беткап жана 12 коргоочу көз айнек.

1 пикир

1 пикир

  1. Батма

    15.07.2020 14:26

    РАХМАТ!!! Туркия мамлекетинин президентине Кыргызстанга жиберген жардамы учун терен ыраазычылык билдирем.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM