Биз менен байланышыңыз

Ford’дун кызматкерлери полицияга унаа өндүрүүнү токтотууну талап кылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 320 | 0

Ford’дун кызматкерлери компаниянын жетекчилигине кат жазып, АКШ полициясынан унааны өндүрүүнү жана жеткирүүнү токтотууну талап кылышты. Алардын айтымында, мындай унаалар АКШдагы расизмдин белгилеринин бири.

Jalopnik басылмасынын маалыматына ылайык, катка 100гө жакын кызматкер кол коюп, Башкы директор Джим Хэкеттке жана башкармалыктын төрагасы Билл Фордго жөнөтүшкөн.

Ал арада компаниянын башчысы полиция унааларын өндүрүүнү токтотуудан баш тартты. Анын айтымында, полиция бул унаалардын ордуна бардык жарандар үчүн коопсуздукту камсыз кылат.

Кошмо Штаттарда полициянын зордук-зомбулук жана расизм афро амреикалык Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин күчөдү.

Флойдду камакка алуу Ford’дун полиция унаасынын алдында болгон деп болжолдонууда. Мындай унаалар демонстранттарды таратуу үчүн дагы колдонулган.

Ford 1950-жылдардан бери АКШ полициясына автоунаа өндүрүп келет. Компания жылына 30 миңге жакын атайын унаа чыгарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM