Эркектердин гардеробунун ажырагыс бөлүгү болгон аксессуар — галстуктун пайда болушу жөнүндө бир катар божомолдор бар.
Египет
Галстукту эске салган аксессуарлардын биринчи түрлөрү Байыркы Египетте кездешкени айтылат. Байыркы египеттиктердин кээ бир өкүлдөрү түз эле геометриялык формадагы кездеме кесимин мойнуна жана ийинине таштап алышкан. Демек, мындай инсанкоомдо белгилүү бир социалдык статусу болгонун белилеп турган.
Кытай
Байыркы Кытайдын Син династиясынын өкүлү Шихуан Диндин мүрзөсүнөн 40 миңден ашык жоокердин керамикалык айкелдери табылган. Жоокерлердин мойнундагы галстукту эске салган кең байламталар болгонун көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, байыркы Кытайда мындай атрибут аскер күчтөрүн карапайым калктан айырмалоо үчүн колдонулган.
Бирок Байыркы Кытайда жана Байыркы Египетте колдонулган шуру бүгүнкү галстуктан айырмаланып, негизги аспект түйүндүн бөлүгү болгон эмес.
Рим
Моюнга кездеме тагуу салты римдик легионерлерден тукум кууп өткөн деген көз караш бар. Булактарга таянсак, Рим Траян тилкесинин легионерлери темир курал-жарактарды жоокердин мойнуна тийгизбөөнү көздөгөн кездеме — фашалия кийишкен.
Европа
Галстуктун биринчи прототиби 1635-жылы пайда болгон.
Француз армиясынын курамында болгон хорваттар Осмон империясы менен кагылышуудан кийин Парижге салтанаттуу жүрүшкө чыгышат. Хорваттык офицерлер мойнуна ачык түстөгү кездемелерди тагып алышат. Алар ошол замат париждиктердин көңүлүн бурган. Француздар хорваттардан анын эмне экендигин сурашканда, хорваттар «биздин ким экенибизди сурап жатышат» деп ойлоп, «хорваттар» дешет. Натыйжада, моюнга байланган кездеме европалык тилдерге «крават» («галстук») түрүндө кирет.
Франциянын падышасы Луи XIV да бул атрибутка кызыгып, мойнуна жибек кездемени байлап салууга көнүп калгандыктан, көптөгөн француздар да падышаны туурай башташкан.
XIX кылымдын экинчи жарымында эркектер арасында жакасы кайрылган көйнөк кийүү салтка айланган. Андан кийин галстукту жаканын астына өткөрүп, узун бөлүгүн ылдый түшүрүү адатка айланат.
Орусия
Новаторлугу менен белгилүү болгон император Петр I галстук тагуу милдеттенмеси боюнча атайын жарлык чыгарган. Бирок бул боярлар тарабынан жакшы кабыл алынган эмес. Анткени галстук орус салттуу кийимдерине туура келчү эмес. Ошондуктан аны жактырбай, «жылан» деп аташкан.
Орусиядагы галстуктун популярдуулугу жазуучу Александр Пушкинге байланыштуу, ал кең галстук тагынганды жакшы көрчү.
Заманбап галстук
Европада галстуктун жалпы калк арасындагы популярдуулугу Лорд Байрон менен байланыштуу. Ал галстугун байлап, моюнун үзбөгөндү жакшы көрчү. Ушуга байланыштуу галстукту байлап коюу «аля байрон» деп аталат.
Дагы бир европалык жазуучу Оноре де Бальзак галстукту жакшы көрчү. Ал тургай галстук искусствосу деген китеп жазган. Ал аны байлоонун ар кандай формаларын көрсөтөт.
Галстуктын заманбап көрүнүшү 1924-жылы жүгүртүүгө өткөн. Америкалык ишкер Джесси Лангсдорф галстукту заманбап форма менен кесип, аны өзүнүн атына патенттеген. Лангсдорф галстукту бир эмес, үч кездемеден тикип чыккан. Галстук узак убакыт бою колдонулса да формасын жоготпогону менен айырмаланган.