Ош шаарындагы «Достук» жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервация катары пайдаланылат. Бул тууралуу калаа бийлиги социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка караганда, «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Оштогу «Достук» студенттер жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервацияга берилет.
Мекемеде обсервацияга 80 орун даярдалат.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жатаканадагы шарттардан кабар алды. Ал аталган фонддун жана жатакананын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.