Бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Маалыматка караганда, республика боюнча 8 адам жана Бишкек шаарында 10 адам пневмониядан каза болгон.
-Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 койка-орун даярдалып, анын ичинде 62 палата интенсивдүү терапия бөлүмүндө каралган. Ал эми, «Ганси» обсерваторунда орточо оор абалдагы бейтаптарды жаткарабыз. Ал үчүн 600 койка-орун даярдалып, бүгүн 112 суюк кычкылтек жеткирүү аппараттарын орнотуп жатабыз, — деди Каратаев.
Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 195 адамга жетти.