Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул туууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында — 6;
Ош шаарында — 2;
Чүй облусунда — 7;
Ош облусунда — 2;
Жалал-Абадда — 1 өрт кырсага катталган.
Учурда тилсиз жоонун чыгышынын себептери такталууда.