Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Европа Биримдигинин аймагына кире алабы? Расмий жооп

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 1152 | 0

«Евроньюстун 1-июлдан тарта Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксат берилүүчү өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстан кирген жок деген маалыматы расмий эмес жана тактала элек». Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Аскарбек Эркебаев кабарлады.

Евроньюстун маалыматы такталбаган жана расмий эмес. Үчүнчү өлкөлөрдүн Европа Биримдигинин аймагына кошумча сапарларына чектөөлөр 2020-жылдын март айында COVID-19 пандемиясына байланыштуу киргизилген. 11-июнда Европа Комиссиясы 1-июлдан тарта бул чектөөлөрдү акырындык менен алууну сунуштады. Комиссия ошондой эле бир катар объективдүү критерийлердин негизинде, кошумча сапарларга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесин түзүүнү сунуштаган. Ал критерийлердин эң негизгиси — мамлекеттердеги эпидемиологиялык кырдаал Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө салыштырмалуу жаман эмес же жакшы абалда болушу керек. Мындай өлкөлөрдүн тизмеси эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ар дайым жаңыланып турат, —  деп айтылат маалыматта.

Европа Комиссиясынын сунуштарынын толук тизмеси:

https://ec.europa.eu/commission/presscorner/detail/en/ip_20_1035

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, жогоруда айтылган сунуштар Европа Кеңеши жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин бийликтери тарабынан талкууланып жатат. Алардын чечими акыркы чечим болуп эсептелет.

«Азыркы учурда Евробиримдикке кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси боюнча талкуулар дагы деле уланып жатат. Ошондуктан азыр бул тизмеге кайсы өлкөлөр кирерин так айта албайбыз. Биздин негизги милдет жарандарыбыздын саламаттыгына кам көрүү, бирок биз өз чечимдерибиз жөнүндө ар дайым кабарлап турабыз», -деп айтылат маалыматта.

26-июнда жергиликтүү маалымат каражаттары 1-июлдан тарта Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксат берилүүчү өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстан кирген жок деген маалымат жазышкан.

Euronews агенттигинин маалыматына таянып, уруксат бериле турчу өлкөлөрдүн тизмесинде 50дөн ашуун мамлекет бар экенин, анын ичинде Казакстан, Тажикстан, Түрмөнстан жана Өзбекстан бар экени айтылган.

Еврокомиссия Шенген зонасына кирген Евробиримдиктеги өлкөлөргө 1-июлдан тарта тышкы чек араларды ачууну баштоого сунуштама берген.

1-июлдан тарта бир нече категориядагы чет өлкөлүктөр үчүн, анын ичинде студенттер жана жогорку квалификациялуу жумушчулар үчүн чек араны ачуу сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM