Биз менен байланышыңыз

Быйыл Караколдо Кембридж мектеби ачылат

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 2647 | 4

Жаңы окуу жылында Каракол шаарында Кarakol Сambridge Рrimary School (Каракол Кембридж башталгыч мектеби) мектеби өз ишин баштайт.

Башталгыч мектептин окуу программасы катары дүйнө жүзүндөгү эл аралык билим берүү программаларын сунуш кылган эң ири уюм — Cambridge Assessment International Education тутумунда өз ишин алып барат.

Кембридждин эл аралык окуу пландары 160 мамлекеттин 10 миңден ашуун мектептеринде колдонулуп, дүйнө жүзүндөгү университеттер, билим берүү уюмдары жана жумуш берүүчүлөр тарабынан расмий таанылган.

Кыргызстанда эл аралык Кембридж стандарттарына ылайык машыгуу жүргүзүлүп жаткан мектептердин саны аз. Алардын бири — United World International School. Ал Бишкек шаарында  жайгашкан жана 2014-жылдан бери иштеп келет.

Быйыл Х.Карасаев атындагы Сапат Башталгыч мектеби UWIS менен кызматташтыкты демилгелеп, Кембридждин эки классын ачты: 6 жашка чейинки балдарга жана 7 жаштагы балдар үчүн бир класс ачылып, окутуу программасы Улуу Британиянын билим берүү тутумунун стандарттарына негизделет.

Кембридж программасы балдарды эсептегич катары кароого эмес, анын маңызын түшүнүүгө жана билимди жашоодо колдонууга үйрөтөт. Бул жерде окуу процесси жана аны турмушта колдонуу маанилүү. Балдар айлана-чөйрөнү изилдеп, жаңы ачылыштарга умтулушат.

Ар бир мугалим белгилүү курстарды бүткөндөн кийин Кембридждин программаларын үйрөтө алат. Бул программанын дагы бир артыкчылыгы болуп саналат. Cambridge Assessment International Education мугалимдердин көндүмдөрү үчүн өз платформасына ээ. Мугалим ар дайым өркүндөтүлүшү керек.

Х.Карасаев башталгыч мектебинде Кембридж программасынын аткарылышын UWIS көзөмөлдөйт жана сабактарга чет элдик мугалимдер чакырылат.

Кембридж мектебинде сабактарды мугалимдер гана эмес, психологдор да үйрөтөт. Окутуу тили — англис тили. Бул программа боюнча башынан баштап окуган балдар тилди да мыкты өздөштүрүшөт.

Кембридж программасынын бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк университеттерге кирүү үчүн эл аралык стандарттагы сертификатка, ошондой эле Кыргызстан жана Улуу Британиянын аттестатына ээ болушат.

4 пикир

4 пикир

  1. Махабат

    25.06.2020 22:13

    Адрес какой в Каракол и цена

  2. Тахмина

    26.06.2020 06:04

    Саламатсыздарбы подготовительныйга бармак сентябрь айында кабыл атасынарбы канча жаштан барса болот

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM