Биз менен байланышыңыз

Табыт көтөрүп бийлөө кайдан чыккан?

Интернет тармагындагы табытты көтөрүп бийлеген африкалык жигиттерди көрбөгөн киши аз болсо керек. Бул видеотасма социалдык тармактарда кеңири тарап кетти. Өзгөчө ыңгайсыз жагдайга туш болуп, видеого  түшүп калгандарды бул жигиттердин бийи менен тамашага салгандар арбын болду. Сырт көзгө табытты көтөрүп бийлеген африкалыктар одоно көрүнгөнү менен, бул — Гана мамлекетинин маркумду акыркы сапарга  узатуудагы илгертен бери колдонулуп келген салты. Жигиттер өлгөн адамды акыркы сапарга узатуу үчүн 800-1000 доллар кызмат акы алышат.

Видеонун чыгуу тарыхына келсек, тасма 2015-жылы жүктөлгөн. Дүйнөдөгү пандемия таасириненби, айтор, быйыл 2020-жылы эң көп көрүлгөн видеолордун катарын толуктады. Алсак, видео BBC маалымат борборунун  ютуб каналында жыйырма миллиондон ашык көрүүчүнү топтоду. Коштогон музыкасы жөнүндө айта кетсек, бул африкалыктардын кадимки эле салттуу музыкасы болгон. Кийин белгисиз автор орусиялык ырчы Антон Игумновдун он жыл мурун чыккан “Астрономия” деп аталган музыкасына алмаштырып ырдап, жалпы элге таанылып калды.

 Топтун башчысы Бенджамин Айду берген маектеринин биринде:

  • Бул биздин жумушубуз, ушул эмгегибиз менен нан таап жеп жатабыз. Буйрутмалар өзүбүз жашаган Гана мамлекетинен келип турчу. Жакында эле өзүмө инстаграм баракчасын ачкам. Аталган  социалдык түйүндөн чет мамлекттен дагы көптөгөн адамдар жазып жатышат. Дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу биз чет тарапка чыга албайбыз жана бардыгыныздарды эрежеге баш ийип сактаныңыздар деп айтат элем. Болбосо сиздин акыркы сапарга узатуу зыйнатыңызда болуп калышым мүмкүн деп(күлүп) тамашага салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM