Connect with us

УКМК: террористтик топтун активдүү мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 453 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады.

Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү (Жалдануучулук) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш алкагында 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны Т.Н. кармалды.

Ал жаран 2014-2017-жылдар аралыгында Сирия аймагында болуп, Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы куралдуу жаңжалдарга катышып келгени аныкталды.

Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, кандайдыр бир тыюу салынган буюмдар табылган жок. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM