Connect with us

Москвадан Ош шаарына 325 кыргызстандык келди

Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 429 | 0

Бүгүн, 20-июнь күнү Москвадан Ош шаарына 325 кыргызстандык жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын, анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү түрдө обсервацияга жаткырылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM