Биз менен байланышыңыз

«Альфа Телеком» компаниясынын кызматкеринен коронавирус чыкты

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 462 | 0

«Альфа Телеком» компаниясынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кызматкерлердин бири вирус жуктурганы аныкталгандан кийин обсервацияга жаткырылган. Мындан сырткары, компанияда иштеген дагы бир адам коронавируска шектелип жатат. Анын анализдери бүгүн чыгары айтылды.

Коронавирус жуктуруп алган кызматкерлер кардарларды тейлөө жагында иштебейт. Ошондой эле жумушчулардын айрым бөлүгү үйүнөн иштөөгө өткөн.

Коронавирус инфекциясы мындан тышкары, «Оптима банктын» бир нече кызматкерине да жукканы тууралуу мекеме өзүнүн расмий сайтына жазды.

Ооруга чалдыккандар менен байланышта болгондор карантинге алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM