Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 721 | 0

Орозо Айт майрамына карата премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баардык мусулмандарды куттуктады.

Өкмөт башчы өз куттуктоосунда, бардык момун мусулмандарды Өкмөттүн атынан ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап, бүткүл кыргызстандыктарга жана ар бир үй-бүлөгө чың ден-соолук, тынчтык жана жакшылыктарды каалады.

«Бул күнү жалпы мусулман эли ыйык Рамазан айындагы орозону соңуна чыгарып, жыйынтыктап олтурат. Кармаган орозоңуздар, тилеген ниеттериңиздер кабыл болсун! Рамазан айы – бул ар бир мусулмандын өзгөчө жана маанилүү айы» , — деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал быйыл куттуу Рамазан айы башка жылдардан айырмаланып, дүйнөнүн бардык мамлекеттерине жайылган таажы илдети менен күрөшүү мезгилине туш болуп калганын айтып, Рамазан айынын сабырдуулукка жана кечиримдүүлүккө, кайрымдуулукка жана айкөлдүккө чакырган сыпаттары бүгүнкү күндө таажы илдетинен арылууда жарандардын жоопкерчиликтүү жакшы сапаттарын көрсөтүп, бул татаал мезгилден татыктуу чыгып кетүүгө бекем үмүт берип жатканына ишене турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM