Биз менен байланышыңыз

Кадыр Алы: Орто жана кичи ишканалар — мамлекеттин «жаны»

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 536 | 0

Карантин Кыргызстанда товар киргизүүдө ири соода түйүндөрүндөгү тоскоолдуктар, ылайыктуу базарларды таба албоо, элдин ата мекендик продукцияларга болгон таанымынын аздыгы сыяктуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Бул тууралуу «Аман» соода-өндүрүш компаниясынын жетекчиси Кадыр Алы «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүп жаткан көпчүлүк мамлекеттер орто жана кичи ишканалардын жумушун жандандууга эбегейсиз көңүл бурууда.

-Көрсө, орто жана кичи ишканалар мамлекеттин «жаны» экен. Алсак, Кытай өндүрүштү колдоо саясатын тез арада ар бир ишканага жеткире алды, — дейт Кадыр Алы.

Ал эми Агрардык өнөр-жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов  Кыргызстанда өндүрүшчүлөрдөн «кандай көйгөйүңөр бар?» деп сураган киши болбогонун белгилейт.

Ажыкулов: «Кандай көйгөйүңөр бар?» деп сураган киши болгон жок

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM