Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 408 | 0

Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө түнкү саат 03:09да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM