Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 695 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Күндүз өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4/9 метрге, айрым учурда 15/20 метрге жетери күтүлөт.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21 градус

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 10…13, күндүз 23…25 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM