Биз менен байланышыңыз

9-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 337 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 9-майда, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 22…27 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM