Биз менен байланышыңыз

8-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 487 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, эртең, 8-майда түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +9…+11 түнкүсүн градус, күндүз +27…+29 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM