Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Чүй облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 573 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, эртең, 7-майда, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун тоолуу жерлеринде кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM