Биз менен байланышыңыз

Бат бузулуучу азыктарды ташуучулар чек-арадан тоскоолдуксуз өткөрүлөт

Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 654 | 0

Бат бузулуучу азыктарды өткөрүп бараткан жүк ташуучу унаалар өткөрүү пункттарынан тоскоолдуксуз өтөт . Бул тууралуу ремспубликалык штаб маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритм боюнча, медиктер мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын температурасын өлчөйт жана COVID-19 вирусунун белгилери бар-жогун аныктоого экспресс-тест жүргүзөт.

Эгерде анализдин жыйынтыгы оӊ чыкса, айдоочу обсервацияга алынат да, ага ПЧР-тест жасалат. Жүк ташуучу унаа жана жүк дезинфекцияланат. Унаа каражаты жүк алуучу башка айдоочу жибермейинче унаа токтотуучу жайда калат.

Эгерде жүк ташуучу унаанын айдоочусу тапшырган экспресс-тест терс болуп чыкса, анда ал 14 сутка өзүн-өзүн изоляцияга алары тууралуу документке кол коет. Муну айдоочу жашаган жерине караштуу Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Мында, Чек ара кызматынан түшүндүрүшкөндөй, интернетте тарап жаткан айдоочуларды обсервацияга жаткыруу учуру бир гана жолу катталган.

Бат бузулуучу азык-түлүктөрдү ташып бараткан жүк ташуучу унаа өткөрмө жайларынан тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин биринчи кезекте жана тоскоолдуксуз өткөрүлөрүнө КР Мамлекеттик чек ара кызматы өзгөчө көӊүл бурмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM