Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 792 | 0

Кыргызстанда муктаж болгондорго жардам берүү мамлекеттин учурдагы эң көйгөйлүү милдети катары аныкталган. Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Бул тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Парламентте сөз сүйлөп жатып айтты.

Мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун баардык механизмдерин колдонобуз. Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз.

Пенсиялар, жөлөкпулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет. Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резервдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар.

Баарыңарга белгилүү, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй резервде „коопсуздук жаздыгы“ болгон эмес, — деди мамлекет башчысы.

Президент, ошондой эле, эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иштеп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын, алгачкы жардамдар алынганын белгиледи.

Өлкө бачысы бүгүн, 15-апрелде Парламентте сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө өлкө башчысы коронавирус эпидемиясынын Кыргызстанга жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абалды узартуунун зарылчылыгын белгиледи.

Президенттин жарлыгы менен буга чейин өзгөчө абал киргизилген аймактарда анын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды. Бул чечимди Жогорку Кеңеш талкууга алууда.

Copyright © 2017 Maral FM