Биз менен байланышыңыз

Комендант: Бишкекте коменданттык саат 2 саатка кыскарат

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 876 | 0

Бишкекте коменданттык саат 2 саатка кыскарат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйында депутаттарын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын белгилешинче, коменданттык сааттын убактысын кыскартуу боюнча долбоор бар.

Коменданттык сааттын убактысын кыскартуу боюнча буйруктун долбоору даяр. Эми коменданттык саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин болот. Учурда башка чектөөлөр боюнча маселе каралып жатат, — деди Алмазбек Орозалиев.

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатканда депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарында кандай чектөөлөр алынып, кандай жеңилдиктер каралары, коменданттык саат канчадан канчага чейин болору тууралуу сураган.

Бекешев ошондой эле, таксисттерге жеткирүү кызматын көрсөтүүгө уруксат берүүнү сунуштады. Анын айтымында, бир таксиге бир гана адам түшүп, бардык санитардык эрежелер сакталышы керек.

Комендант учурда жеткирүү кызматтары тоскоолдуксуз иштеп жатканын билдирип, таксилердин ишине уруксат берүү маселеси карала турганын айтты.

Эскерте кетели, буга чейин Ош облусундагы өзгөчө абал режими кирген аймактарда коменданттык сааттын мөөнөтү 2 саатка кыскарган.

Copyright © 2017 Maral FM