Биз менен байланышыңыз

Президент: Элдин ден соолугу, өмүрү үчүн өзгөчө абал режимин узартууга аргасыз болдук

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 889 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ушу тапта Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатат. Өлкө башчысы коронавирус илдетинин жайылына бөгөт коюу максатында айрым аймактардагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуунун негизги зарылчылыктарына токтолду.

Эгерде бул режимдер алынса, буга чейин COVID-19 вирусуна карата көрүлгөн бардык чаралар текке кетерин белгиледи.

Кыргызстандын ар бир жаранынын ден соолугу, өмүрү мамлекет үчүн кымбат. Жарандардын тиричилигинде чектөөлөр, кыйынчылыктар болгонуна карабастан бул чечимди кабыл алууга туура келди. Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу — оңой чечим болгон жок. Жарандарыбыздын турмушунда бир топ чектөөлөр, ыңгайсыздыктар, ал гана эмес айрым мекендештерибиздин жашоо тиричилигинде кыйынчылыктар жаралды. Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар. Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат.

Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду. Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз. Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Ошондуктан, ушул чечимге бардым, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кечээ президенттин Жарлыгы менен Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

Copyright © 2017 Maral FM