Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант беришип, жумушуна расмий киришишти

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 474 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өкмөттүн жаңы дайындалган айрым мүчөлөрү ант беришип, кызматка расмий киришишти.

Жакында эле кызматка дайындалган вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов салтанаттуу ант беришти.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Парламентте, президенттин катышуусунда ант беришет.

Бул кызматкерлер өлкө эң оор учурду башынан кечирип жатканда ант берип жумушка киришип жатканын президент Сооронбай Жээнбеков белгилеп, алардын ишине ийгилик каалады.

Copyright © 2017 Maral FM