Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 345 | 0

Кыргызгидромет борборунан кабарлагандай, эртең, 15-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу аймактарда жаан карга айланат.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшөт.

Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым аймактарда секундасына 15-20 метрге жетери күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +6…+11

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12

Нарын аймагында түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11

Бишкекте маал-маалы менен нөшөр жаан болот. Батыштан ылдамдыгы 4-9 м/с жеткен шамал согот. Айрым учурда ылдамдыгы 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +8…+10.

Copyright © 2017 Maral FM