Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизилди

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 1012 | 0

Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилди. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде кол койду, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

Жарлыкта белгиленгендей, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалды.

2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 19 факт тастыкталган.

Copyright © 2017 Maral FM