Connect with us

Балбак Түлөбаев: Гумжардам сурагандардын көпчүлүгү колунда бар жарандар болууда

Кыска кабар | 13 Апр 2020 | 1135 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев тамак-аш боюнча жардам сурап кайрылгандардын көпчүлүгү колунда бар адамдар болуп жатканын жазып чыкты. Ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасында кайрылуу жасап, мэрия кызматкерлерин жөнү жок убара кылбоого чакырды.

Балбак Түлөбаевдин айтымында, мэрия тамак-ашка муктаж адамдарга даректүү жардам жеткирүү иштерин күн-түн дебей жүргүзүүдө.

«Калайык, акыркы күндө баарыбыз элдин көйгөйүн чечели деп чуркап жүрөбүз. Түнкү саат 2ге чейин жазгандарыңарга жооп берип жатабыз. Акыркы күндөрү өтө кызык окуяларга туш келдик. Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп атат. Үйүнө барсак, «Келдиңерби? Чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз» деген, же дагы башка толгон- токой шылтоолор. Эч нерсе эмес чыдайбыз, бирок сиздер башка жардамга муктаж элдин акысын жеп жатасыздар. Алардын зар-муңуна кантип жооп бересиздер? Жок дегенде ушул кыйын убакта тамашаны, сыноону кое туралы», — деп жазган кайрылуусунда.

Ошондой эле, мындан ары калп маалымат менен тамак-аш алууга кызыкдар адамдарды видеого жана сүрөткө тартып, элге жарыялай турганын да кошумчалап өткөн. 

Гуманитардык жардамды кантип алса болот? Расмий жооп

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM