Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Байланышкан акыркы киши такталмайынча карантин токтобойт

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 1027 | 1

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, адамдар ортосундагы байланышты минималдштыруу боюнча аракеттер – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы.

«Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемиянын учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100% жок деген ишеним керек», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM