Биз менен байланышыңыз

Ашууларда жааган кардан жолдор тазаланды

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 304 | 0

Ашууларда жааган кардан улам жолдор тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде түнү Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Суусамыр–Талас–Тараз Өтмөк ашуусунда кар жаагандыктан жолчулар таңында жолдорду кардан тазалап, инерттүү материалдарды себишти.

Жол автоунаалар үчүн ачык.

Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM