Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 4043 | 0

Кыргызстанда коронавируска кабылган жарандардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков республикалык штабдын жыйынында айтты.

Ал 24-мартка карата вирус жуктурган 26 учур катталганын маалымдады. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

-Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада;

-Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында;

-Ноокат аймактык ооруканасында;

-Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында;

-Баткен облустук бириккен ооруканасында;

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

-Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;

-6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;

-14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;

-Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

«Четте карап турбаңыз!» Коронавируска каршы күрөшкө жардам берүүнүн жолдору

Copyright © 2017 Maral FM