Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 2659 | 0

Өкмөт коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өлкөдө маданий, спорттук жана башка массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт.

Жеке жактар жана соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген юридикалык жактар санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү  дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздашы керек.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик мекемелерге, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары мектептерде окуу процессин токтото туруу, ошондой эле тойлорду өткөрбөй туруу сунуштарын айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM