Биз менен байланышыңыз

6-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 287 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -2…..3… күндүз: 1……..6°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 1………6°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 0……5….күндүз: 6……..11°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 0……5….күндүз: 6………11°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -1……-6..….күндүз: -1……..4°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -5……-10…..күндүз: -2.……3°C

6-мартта Бишкекте кар аралаш жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…….1°C, күндүзү 4………6°C.

Copyright © 2017 Maral FM