Биз менен байланышыңыз

АКШ коронавируска каршы күрөшкө 8,5 млн $ бөлүүгө даяр  

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 339 | 0

АКШ конгресси коронавируска каршы күрөшүүгө 8,5 млн доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу өлкө лидери Дональд Трамп билдирди.

Ал Вашингтондогу билирүүсүндө «Мен коронавируска каршы күрөшүүгө 2,5 млн доллар сурагам. Алар (конгресс) бизге 8,5 млн доллар берүүгө даяр», — деп айткан.

АКШ лидери коронавируска каршы чаралар негизинен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан райондук деңгээлде көрүлөрүн белгилеген.

Федералдык бюджеттен илдет менен күрөшүүгө 8,5 млн доллар бөлүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM