Биз менен байланышыңыз

Оор жүктөрдү таразага тартуу системасы автоматташтырылса, коррупция жоюлат

Коом , Экономика | 19 Фев 2020 | 993 | 0

“Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспорттук каражаттар. Мындан улам, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жүк тартуу жайларындагы коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуну жана автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган.

ЖКда “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. Анын пикиринде жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспорттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айыппул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат.

-Айдоочу бир жолу эрежени бузса, экинчи жолу кайталабагандай кылуу керек. Биздин максат жолдорду сактап калуу. Айыптын көлөмүн 100 миң сом деп белгилөө туура деп ойлогонбуз. Бирок өкмөт менен талкуулангандан кийин жеке жактар үчүн 17 миң, физикалык жактар үчүн 55 миң сом айып салуу сунушу калтырылды. Автоматташтырылган система ишке кирсе, айып кагазы айдоочунун үйүнө жиберилет. Азыркы учурдагыдай болуп кишилер көзөмөлдөбөйт.

Маматалиевдин кошумчалаганына караганда, өлкө аймагында 27 маанилүү жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан улам, эл өкүлү Дастан Бекешов бардык жүк ташуу жайларында автоматташтырылган таразаларды орнотуу, ишке киргизүү үчүн керектелүүчү каражаттын суммасына кызыкты.

Марлен Маматалиевдин белгилешинче, бүгүнкү күндө атайын программа бар. Болгону аны интеграция кылуу керек. Муну менен катар коопсуз шаардын экинчи фазасына автоматташтырылган таразаларды көзөмөлдөө системасын кошуу мүмкүнчүлүгү бар.

-Атайын таразалар транспорт министрлигинде бүгүнкү күндө орнотулган. Алар дүйнөлүк банк аркылуу каржыланып орнотулган. Бирок алар статистикалык маалымат алуу үчүн гана колдонулууда. Биз ошол каражаттарды эле “коопсуз шаардын” системасына алып келели деп жатабыз. Эгерде унаа келип, таразадан өткөндө жүгү тиешелүү деңгээлден көп болсо, атайын эскертүү берилет. Жүгү канчага көп экендиги жана жүгүн азайтпаса, айып жазылары айтылат.  

 Депутат Зиядин Жамалдинов мындай маанилүү мыйзам долбоорлорун Өкмөт сунушташы керектигин баса белгиледи. Анын пикиринде, Транспорт жана жолдор министрлиги ишин тиешелүү деңгээлде жүргүзбөй, жетекчилиги коррупциялык иштерге аралашып жүрөт.

-Транспорт жана жолдор министрлиги иштебей калды. Жетекчилери коррупциялык кылмыштарга айыпталып, четинен камалып жатат. Бир жыл мурда ушундай жагдай катталганда министр жумуштан кетти эле. Же эмне сөссүз президенттин “арыз жаз” деп айтуусу менен жазыш керекпи? Андан соң мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттарга ырахмат айтышыбыз керек. Негизи, мындай өзгөртүүлөрдү өкмөт алып келиши керек эле. Бүгүнкү күндө таразада иштегендердин баары өз капчыктарына иштеп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү мыйзам долбоорун колдой турганын айтса, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Өкмөт дагы ушул багытта аракеттерди көрүп жатканын маалымдады.

-Азыркы учурда тийиштүү мыйзам долбоору даяр болгон. Сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилери менен биргелешип иш алпарууга даярбыз. Мыйзам долбоору эки комитеттин деңгээлинде каралып чыкты. Баары биз жана демилгечи каалагандай бүтөт деп ойлойм. Толук кандуу иш жүрүүдө.

Буга чейин ашыкча жүк жүктөлгөн учурда айыппул түшүнүксүз формулалар менен эсептелген. Бул жүк тартуу жайларындагы кызматкерлердин акчаны сол капчыкка салуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн. Мындай пикирин жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев билдирди. Ал ошондой эле, сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоорун белгиледи.

-Кээбир шылуундар жолдорду бузушууда. Жалпы айдоочулар, биздин ассоциациянын мүчөлөрү “жолдорду сактоо зарыл” деген пикирде. Мындан улам сунушталып жаткан айыппулдун көлөмү көтөрүү, автоматташтыруу туура демилге. Биз автор менен талкуулап, колдоорубузду айтканбыз. Ал эми таразадагы көйгөйлөрдү мурда эле айтып, жоюу зарылдыгын белгилеп келгенбиз. Таразаны автоматташтыруу зарыл экенин да айтканбыз.

 Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалар 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган таразалар 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар болгону 10 сом айыппул төлөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM